Эмгек адамды сулуу кылат
Акын,котормочу,мыкты ишкер,Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеңешинин мурунку тɵрагасы, кɵрүнүктүү инсан Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арналган «Жылдыздуу жээк» аттуу поэзия фестивалы республикалык деңгээлде эң сонун уюшкандыкта өттү. Өлɵкбүздүн туш тарабынан келген биринчи этаптын жеңүүчүлɵрү болгон финалисттер, адабият чɵйрɵсүнүн мыктылары, поэзия сүйүүчүлɵр, фестивалдын уюштуруучүлары менен бирге эң сонун кɵз ирмемдерге күбɵ болдук. Фестивалды уюштуруучулар ийне жибине чейин ойлонуштурулган эң кызыктуу түзүлгɵн программа менен иш алып барышты. Жаш акындар жакшы ырларды жаратышты, кɵркɵм окушту, таланттарынын арта беришине ɵбɵлгɵ түзүлдү. Улуу муундагы акындар ырларын окуганы ɵзгɵчɵ таасир калтырды. Фестивалдын жүрүшүндɵ видеослайд аркылуу Чыныбай Турсунбеков ырларын ɵзү кɵркɵм окуганын угуп, эл менен, достору, кесиптештери менен жолугушууларын кɵргɵнүбүздɵ арабызда жүргɵндɵй туюлду. Ч. Турсунбековдун досторунун эскерүүсүндɵ «Карапайым үй-бүлɵдɵн чыккан кара тоголок бала, ак эмгеги менен сулуу адамга айланды. Демек, эмгек адамды сулуу кылат»,- деген сɵздɵрүнɵ таасирлендим. Чындыгында Чыныбай Турсунбеков эл менен жолугушууларда чын жүрɵктɵн чындыкты сүйлɵгɵн, жаркылдаган жүзү жарык элеси кыргыз элибиздин эсинде сакталып калды.
Бул фестивалга “Мен дүйнөнү баланын көзү менен карайм” аталыштагы Чыныбай Турсунбековду эскерүү китеби боюнча эссе жазуу сынагынын финалистти катары катыштым. 2-этапта эскерүү китеби боюнча 10 логикалык суроо берилери сынактын жобосунда көрсөтүлгөн. Финалга даярданууда республиканын ар кай жагында 12 финалист тааныбасак да китеп аркылуу бири-бирибизди сезип тургандай, мен окуп жаткан бетти алар да окуп отургандай туюлчу.Фестивалда жолукканыбызда бат эле тил табышып бир туугандардай жакын адамдарга айландык, бизди бириктирген ар бирибиздин колубуздагы чоң китеп.
2-этапта 10 логикалык суроолор, чындыгында биз күтпөгөн, биз ойлобогон, ошол эле учурда кызыктуу суроолор күтүп туруптур.Уюштуруучулардын өтө кылдат иштегени, китепти окууда бардык деталдарга канчалык көңүл буруп окуганыбызды аныктап койчу суроолорду түзүшкөнү билинип турду.
Алгач бул сынакка катышууда жеңишти ойлобостон, Чыныбай Турсунбековдун туулуп өскөн айылынан болгондон кийин өмүр таржымалын билишим керек деген максатта китепке кунт коюп окуп чыктым. Конкурс жакындаган сайын агайдын айылынан катышып жатканыма сыймыктанып, ошол эле учурда чоң жоопкерчиликти сезип өзүмө өзүм суроо түзөм кайра жооп берем, блокнотко жазам. Финалда күтүлбөгөн суроолорго жооп таба алганыма абдан сүйүндүм, толкундандым.”Аракет кылсаң берекет” -деген сөз эсиме түштү.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде Чыныбай Турсунбеков туулуп өскөн айылдын жана ал негиздеген “Умсунай-Апа ” бала бакчабыздын аты чыкканы мен үчүн өзгөчө сыйлык болду.
Республиканын ар тарбынан барган конкурстун катышуучулары ынтымакта бири-бирибизди сыйлашып бул күндɵрдү кɵңүлдүү маанайда ɵткɵрдүк,жакшы эс алдык, жакшы санаалаштардан болуп калдык.
«Жылдыздуу жээк» поэзия фестивалы жети дубанды бириктирген, адамдардын жан дүйнɵсүн тазарткан, жаш муундарды шыктандырган кенен жол болду.
«Жылдыздуу жээктин» сапары байсалдуу болсун!